Манас сочинение на кыргызском

Tag Archives: Манас

МАНАС

«МАНАС» – кыргыз элинин баатырдык эпосу. Бул эпос болжол менен мындан миң жыл мурда калыптанган. Ошондон  бери ХХ к. орто ченине чейин кыргыздардын арасында муундан-муунга өтүп, ооз эки түрүндө айтылып келген. Элүүдөн  ашык варианттары бар. Бир эле манасчы Саякбай Каралаевдин айтуусундагы «М». трилогиясы миллион ыр сабынан  турат. «М». дастанында кыргыз элинин үрп-адаты, каада-салты, чарбасы, жоокерлик турмушу кеңири чагылдырылган. … Кененирээк »

«АЙКӨЛ МАНАС»

«АЙКӨЛ МАНАС» — ыр менен жазылган эки бөлүмдүү эпикалык драма-трагедия. «Манас» эпосунун сюжетинин негизинде белгилүү драматург Ж. Садыков жазган. Драма 1990-ж. Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында коюлган. Спектаклди режиссёр Б. Ибраев сахнага алып чыккан, жасалгалаган сүрөтчүлөр М. Сыдыкбаев, М. Искаков, музыкалаштырган композитор К. Молдобасанов. «Айкөл Манас» драмасынын негизги өзөгүн Манас эпосундагы Көкөтөйдүн ашы менен Чоң казат окуялары түзөт.… Кененирээк »

АЛМАМБЕТТИН БАЯНЫ

АЛМАМБЕТТИН БАЯНЫ — эпостогу салттык туруктуу чоң окуялардын бири. Алмамбет эпосто Манаска тете деңгээлде коюлуп сыпатталган каарман жана ага байланыштуу окуялар да баатырдын өмүр жолун кууп, кеңири планда баяндалат. Алмамбеттин туулушу жана балалык чагы — чыгарманын башкы каарманына мүнөздүү ыктар менен иштелип чыккан маанилүү бөлүм. Окуяда баатырдын өзгөчө төрөлүшүнө, бала чагына, эрдиктерине тиешелүү эпикалык салттык мотивдердин дээрлик бардык белгилери топтолгон: баатырдын… Кененирээк »

КӨЗКАМАНДАР ОКУЯСЫ

КӨЗКАМАНДАР ОКУЯСЫ — эпостогу орчундуу өзөк окуялардын бири, туруктуу салттык окуялардын катарына кирген чоң бөлүм. Кыскача мазмуну Көзкамандар окуясына жакын окуя «Мажму ат-таварихте» да бар. Баатырга жакын тууганы, кээде жолдошу, аялы жана башкалар кастык кылып уулантып, андан укмуштуу түрдө аман калуу (кээде өлүп кайра тирилүү) жөө жомоктордо, эпостордо кеңири белгилүү сюжет.

КӨКӨТӨЙДҮН АШЫ

КӨКӨТӨЙДҮН АШЫ — эпостогу салттык туруктуу окуялардын өзгөчө кеңири белгилүүсү. Эпизод эл арасында кеңири тарагандыктан ар түрдүү вариациясы көп жолугат. Чыгарманын окуяларынын өнүгүш нугунда манасчылардын ою боюнча бул бөлүм өзгөчө маанилүү чоң окуянын — «Чоң казаттын» башталышына себеп болгон түйүн. Ошон үчүн «Көкөтөйдүн ашы — көп чырдын башы» делет.

МАНАСТЫН ТУУЛУШУ ЖАНА БАЛАЛЫК ЧАГЫ

МАНАСТЫН ТУУЛУШУ ЖАНА БАЛАЛЫК ЧАГЫ — эпостун башталыш окуяларын камтып турган чоң эпизод, чыгармадагы туруктуу салттык окуялардын бири. Адатта баатырдын теги жөнүндөгү маалыматтардан башталып, Манас эр жеткенге чейинки окуяларды бүт баяндайт. Көптөгөн маалыматтардан, майда окуялардан турат. Аларды мазмунуна карай шарттуу түрдө ар бирин өзүнчө атоого болот. Мисалы, баатырдын теги, күчтүү жоодон жеңилген кыргыздардын чабылып-чачылышы, баласы жок Жакыптын зары, жана башкалар.

ЧОҢ КАЗАТ

ЧОҢ КАЗАТ — эпостогу негизги өзөк окуялардын бири. Кеңири белгилүү салттык туруктуу чоң эпизод, эпостун окуяларынын жалпы өнүгүшүндөгү кульминациялык чек. Сагымбай Орозбаковдун вариантында «Чоң чабуул» деген ат менен айтылат, бирок манасчылардын көпчүлүгүндө «Чоң казат» делет. Эпостогу элге өзгөчө кеңири белгилүү эпизод болгондуктан бөлүмдүн өз алдынча айтылган варианттары да арбын. Айрыкча жети кандын чатагы, Алмамбет менен Чубактын жол талашканы, жылкы… Кененирээк »

«МАНАС» эпосу

«МАНАС» ЭПОСУ – мааниси,  эл турмушунан алган орду жактан кыргыздардын улуттук сыймыгы, ата-бабаларыбыз тарыхта аты белгилүү  болгон  үч миң  жылдан ашуун убактан бери басып  өткөн узак жолундагы руханий табылгаларынын, билгендери менен тажрыйбасында топтолгондордун алгылыктууларын, башынан кечирген  өйдө-ылдыйлуу окуялар жөнүндөгү  маалыматтардын орчундууларын дээрлик бүт чогулткан алтын казынанын милдетин аткарып, элибиздин ыйык тутуп, укумдан-тукумга бөксөртпөй сактап, улам толуктап, байытып келе жаткан улуу мурасы.

МАНАСЧЫЛАР

Манасчы — адабияттык термин маанисине ээ болгон сөз. Терминдин маңызы — кесипчиликтин өзүнчө бир түрүн түшүндүрүп, кыргыз элинин улуттук сыймыгы болгон «Манас» эпосун жараткан, укумдан-тукумга өткөрүп, биздин учурубузга чейин алып келген, аны бүгүнкү көлөмгө, көркөмдүк деңгээлге жеткирген элдик таланттарга карата колдонулат. Манасчылык кесип мазмуну, формасы жактан фольклористикадагы сейрек көрүнүш.

«СЕМЕТЕЙ» ЭПОСУ

«Семетей» — кыргыздарга кеңири тараган баатырдык эпос. Ал айтылуу «Манастын» уландысы эсептелип, үчилтиктин ажырагыс экинчи бөлүгү катары Манас баатырдын уулунун ысымы менен аталган. Анын эл арасындагы ээлеген орду «Манастыкынан» кем эмес. Жанрдык формасы, композициялык курулушу, образдарынын берилиш стили жактан элдик оозеки чыгармачылыктын классикалык бийиктигине жетип, ага болгон эстетикалык көркөм табит — элдин сезиминдеги сүйүктүү каарманы Манастын оор трагедиясын… Кененирээк »

wtwufjrl

wtwufjrl

+15

Решено

1 год назад

Кыргыз тили

Студенческий

ПОЖАЛУЙСТА НАПИШИТЕ КРАТКОЕ СОЧИНЕНИЕ НА ТЕМУ МАНАС , НА КЫРГЫЗСКОМ ​

Смотреть ответ

1

Ответ

0
(0 оценок)

1

freefree200423

freefree200423
1 год назад

Светило науки — 4 ответа — 0 раз оказано помощи

Ответ:

Манас бул бизди коргоп кооруп келген баатыр. Ал Кытай калмак жана башка душмандар менен салгылашып, кыргыз элин коргоп келген. Ал тууралуу улуу манасчы Саякбай Каралаев көп сөз калтырып кеткен.

(0 оценок)

https://vashotvet.com/task/12837370

Манас эпосу

  1. Баш барак

  2. >

  3. Бул ким, ал эмне

  4. >

  5. Манас эпосу

Манас — кыргыз калкынын негизги эпосу жана башкы каарман — кыргыздардын башын бириктирген баатырдын аты. «Манас» ЮНЕСКОнун материалдык эмес адамзаттын маданий мурастарынын тизмесине, ошондой эле Гиннес рекорддор китебине дүйнөдөгү эң көлөмдүү эпос катары киргизилген.

Мазмуну

  • Жалпы маалымат
  • Бөлүмдөр жана манасчылар
  • Эпостун тарыхы
  • Мазмуну жана сюжет
  • Манас таануу
  • Эпостун 1000 жылдыгы
  • Таасири
    • Филателияда
    • Эстеликтер
    • Манастын наамына аталгандар
  • Адабияттар
  • Шилтемелер
Манас
Жанр Эпос, эпикалык поэма
Көлөмү Орточо 500 000 сап
Тили Кыргызча
Биринчи айтуучу Ырамандын ырчы уулу

Жалпы маалымат

Турмуш дайыма алдыга умтулат, ал эми адамзат тарыхы, тажрыйбасы кийинки урпактар үчүн баа жеткис мурас болуп кала берет. Мына ушундай теңдешсиз баалуу мурастардын бири, ата-бабабыз кылымдар бою оозеки сактап келген — Манас эпосу.

Манас жана анын кырк чоросу
Манас жана анын кырк чоросу. Кытай, Кызыл-Суу кыргыз автономдук облусу, Улуу Чат шаарчасы.

Кыргыз элинде Манастан башка Кожожаш, Эр Төштүк, Олжобай менен Кишимжан жана башка эпостор да бар. Булар Манаска караганда шарттуу түрдө кенже эпостор деп аталат. Манас эпосуна Семетей жана Сейтек эпосторун кошуп алганда дүйнөдө мындан көлөмдүү эпос жок экенин окумуштуулар далилдешкен.

Манас эпосу өзүнүн кайталангыс көркөмдүгү, окуяларга байлыгы, эл тагдырын ар тараптан кеңири сүрөттөөсү менен айырмаланат. Октябрь революциясына чейин кыргыз элинде жомок болобу, ыр болобу бардыгы оозеки айтылган. Тарбия максатында Манастын жети осуяты жана Манас гимни бар.

Улуу эпос өзүнүн түбөлүк өлбөс, экинчи өмүрү — тарыхый өмүрү менен жашоого өттү. Манастын көп варианттары жана аткаруучулары бар. Алар манасчылар, кээде жомокчулар деп да аталат. Манас эпосун окусаңар баатырлардын эрдигине суктанып, элдердин байыркы мезгилдеги жашоо-турмушу, каада-салты менен таанышасынар.

Ошону менен катар адамды таң калтырган укмуштар дүйнөсүнө да кабыласынар. Ырас, андагы каармандардын кийген кийими, колдонгон курал-жарагы, ичкен тамак-ашы, сүйлөгөн сөздөрү биздикинен башкараак. Бирок алар азыркы турмуш менен тыгыз байланышта, андан бизде салт болуп калган нерселердин башатын көрүүгө болот.

Эпостун каармандары мекенин чексиз сүйүшкөн, кол салган тышкы душмандардан өз эли-жерин коргошкон. Ушундай баатыр уулдарынын ченемсиз эрдигинин натыйжасында гана кыргыз эли аз эл болсо да кылымдар бою өзүнүн көз карандысыздыгын, эркиндигин сактап келгендиги айкын көрсөтүлгөн.

Эпосто согуштук жүрүштөр, кандуу кыргындар көп учурайт. Негизги каарман — Манастын бүт өмүрү эли-жерин коргоо менен өтөт. Жомокто баатырдык, патриоттук менен катар адамгерчилик, ак ниеттик жана акылмандык, калыстык, эмгекчилдик, сарамжалдуулук сыяктуу жакшы сапаттар даңазаланат.

Эл үчүн өмүрүн аябаган чексиз баатыр Манастан, чебер уз, акылман жана сарамжалдуу, эл баатырынын чыныгы жардамчысы Каныкейден, калыс жана жөн билги кары Бакайдан жана башка каармандардан үлгү алсак болот.

Эпос камтыган окуялар өтө кеңири, ар түрдүү берилет. Кадимки турмуш-тиричиликтен баштап, адамдын эл, жер менен болгон татаал байланышына чейин сүрөттөйт. Мисалы, Көкөтөйдүн ашында кыргыз элинин дээрлик бардык каада-салттарын кезиктиребиз. Элин, жерин сүйгөн ар бир адам анын тарыхын билүүгө кызыгат эмеспи. Эгер силер Манас эпосун окуп чыксаңар өз элиңердин өткөндөгү турмушу жөнүндө көп нерсе билериңер талашсыз.

Манастын Стамбулдагы эстелиги
Манастын Стамбулдагы эстелиги

Бөлүмдөр жана манасчылар

Манас эпосу үч бөлүктөн турат: «Манас», «Семетей», «Сейтек». Эпостун негизги мазмунун Манастын эрдиктери түзөт.

Классикалык деп Сагымбай Орозбаковдун жана Саякбай Каралаевдин версиялары саналат. Сагымбайдан 1920-жылдары изилдөөчүлөр Манас жөнүндөгү бөлүгүн гана жаздырып алышкан (орточо 19 миң сап); Саякбайдан бардык үчилтик жазылган (937 миң сап).

Андан тышкары изилдөөчүлөр Манас жөнүндө жазылган Тоголок Молдонун, Молдобасан Мусулманкуловдун, Шапак Рысмендиевдин, Багыш Сазановдун, Ибраим Абдрахмановдун, Мамбет Чокморовдун жазууларын маанилүү деп санашат.

Кытай Эл Республикасынын белгилүү кыргыз манасчысы Жусуп Мамай — анын 8 бөлүктүү (бөлүм эмес) версиясы орточо 200 миң сапты түзүп, Үрүмчү шаарында 18 томдук көлөмдө жарык көргөн (1984—2007), андан соң Кыргызстанда толугу менен 2014—2018-жылдары чыккан.

Эпостордун көлөмүн салыштырмалуу баалоо үчүн ыр-сап түрүндөгү көлөмдү эске алуу маанилүү: Негизи «Манас» 7- жана 8 татаал силлабикалык ыр-сап менен жазылган, бирок, Сагымбай Орозбаковдун вариантында рифмаланган прозага жакын 4-, 5- жана 6 татаал ыр-саптар, ал эми Саякбай Каралаевде 9дан 12ге чейин татаал саптар кездешет.

Эпостун тарыхы

Манастын биринчи айтуучусу катары Ырамандын ырчы уулу аталып келет, ал Манастын баатырлыктарын анын жерге берип жатканда айткан делет. Ал эми кыргыз элинин кошокторун бириктирип эпоско легендарлуу Токтогул бириктирген деп саналат (20-кылымдын биринчи жарымында жашаган кыргыздар анын 500 жыл мурун жашап өткөнүнө ишенген). Чыгармачылыгы жазылбай калган 19-кылымдын манасчылары дагы кыргыз салтына белгилүү.

Заманбап окумуштуулар эпостун жаралуу мезгили боюнча жалпы бир жыйынтыкка келишкен эмес, бирок кээ бирлери окуя тарыхтын 15—16-кылымдардагы мезгил жөнүндө болуп жатканын божомолдошот. Эпостун түпкүрү кыргыз тарыхынын IX кылымдагы окуялары менен байланыштуу деген гипотезалар дагы чыгарылган. Эпосто байыркы берилиштер болсо да, Виктор Максимович Жирмунский чыгарманын тарыхый фону XV—XVIII кылымдардын шартына туура келет деп эсептеген.

Елеазар Моисеевич Мелетинский Манастагы эпикалык мезгил (Көптөгөн Сибирдин түрк элдеринин эпосторунан айырмаланып) мифтик эмес, тарыхый деп көрсөтөт.

Эпос жөнүндөгү биринчи эске салуулар XVI кылымга таандык. Алар жарым фантастикалуу Маджму ат-Таварих баянында камтылып, анда реалдуу болгон Тохтамыш, хорезмшах Мухаммед жана башкалар менен байланышы бар Манас тарыхый инсан катары көрсөтүлгөн.

Мазмуну жана сюжет

Ногой хандын өлүмүнөн кийин кыргыздардын эски душмандары кидандар (кытайлар), Ногойдун жолун жолдоочулардын чечкинсиздигин колдонушуп, кыргыздардын жерин басып, Ала-Тоодон сүрүп чыгарышат. Ногойдун тукумдары алыскы жерлерге куулат. Калгандары басып алуучулардын катуу эзүүсүндө калат. Ногойдун кичүү баласы Жакып Алтайга куулуп, көптөгөн жылдар бою алтайлык калмактарга кызмат кылууга мажбур болот. Эгин айдоочулук жана алтын казууларда иштеп ал байыйт. Жакып бойго жеткенде сансыз мал-жандын ээси болуп, бирок, тагдыр ага бир дагы мурасчы бербегенине жаны кейип жүрөт. Кайгыга батып, жаратканга жалынып, ыйык жерлерге барып, курмандыктарды чалат. Аян түш көрүүдөн кийин анын улуу жубайы боюнда болуп, тогуз айдан кийин эркек төрөйт. Ошол эле күнү Жакыптын жылкы үйүрлөрүнүн арасында кулун туулуп, аны жаңы төрөлгөн баласына энчилейт (Аккула).

Жакып чоң той өткөрүп баласынын атын Манас коёт. Бала чагынан эле тарта Манаста укмуштуу касиеттери көрүнө баштайт, өзүнүн теңдештеринен өзгөчө физикалык күчү, тентектиги жана марттыгы менен айырмаланат. Ал жөнүндөгү жаңылык Алтайдан алыс жерлерге тарайт. Алтайда жашаган калмактар моюн сунбаган кыргыздарда баатыр пайда болгонун, жана аны эр боло электе кармап, жок кылуу тууралуу кытайдын ханы Эсенканга билдирүүгө шашылышат. Эсенкан өзүнүн соодагерче кийинген тынчыларын кыргыздарга жиберип, Манасты кармоого тапшырма берет. Жаш баатырды ордо ойноп жаткан кезинде таап, кармап алууга аракет кылышат. Бирок, Манас тынчыларды басып алып, кербендериндеги буюм-тайымдарды элге таратат.

Кыргыздарга калмактын Нескара баатырдын миңдеген жоокерлери багыт алышат. Манас коңшу элдерди жана урууларды бириктирип, Нескарага каршы чыгып, алардын жоокерлерин жеңет. Жаш баатырдын жетишкендиктерин бийик баалап, аны коргоочу катары көрүшүп, көптөгөн кыргыз уруулары, ошондой эле кошуна манжурлардын жана калмактардын уруулары, Манастын башатында биригүүнү чечишет. Манас хан болуп көтөрүлөт.

Уйгурлар менен теңсиз кармашка түшүп, жеңишке жетет. Бул кармашта кыргыздын катаган уруусунун ханы Кошой баатыр баа жеткис жардам көрсөтөт. Жеңилген уйгур башчылардын бири Кайыпдан Манаска өзүнүн кызы Карабөрүктү берип, ал Манаска жар болуу каалоосун билдирет.

Кошойдун сунушу боюнча Манас, кыргыздардын душманы жактан тартылып алынган Ала-Тоону кайтарып алууну чечет. Жоокерлерди чогултуп, кармашка түшүп, жеңип чыгат. Кыргыздар Алтайдан өз жерине кайтууну чечишет. Манас өзүнүн тектери менен Азирет ыйык кара тоолордун жанында орун алат.

Кыргыздардын эски душманы — кытай ханы Алооке кыргыздардын экспансиясын (жайылуусун) токтотуу чечимин кабыл алып, жүрүшкө даярдана баштайт. Бул жөнүндө Манаска кабар жетип, өзүнүн кырк чоросу менен дароо жүрүшкө чыгат. Ал душмандардын жоокерлерин оңой эле чачыратып, Алоокенин тагын (штабын) басып алат. Манастын чечкиндүүлүгүн жана эрдигин көрүп, Алооке кыргыздар менен тынчтык келишимин түзүүнү чечип, багынгандыгынын белгиси катары Манаска өзүнүн баласы Боокени берет.

Ушул эле мезгилде түштүк чек арада кыргыздар менен афган ханы Шоруктун тирешүүсү күчөйт. Жоокерлерди чогултуп, Манас кармашка түшөт. Жеңилүү ызасын тарткан афган башчысы Манаска өзүнүн кызы Акылайды, аны менен кошо кырк малай кыздарды берип, кыргыздар менен дипломатиялык нике биримдигин түзөт.

Эпостун өзүнчө сюжеттик бутагы Алмамбет баатырдын тарыхы жөнүндө баяндайт. Сюжет анын төрөлүшүнөн баштап, Манаска келүүсүнө чейинки окуяларды камтыйт. Алмамбеттин атасы Соорондук ири кытай аскер башчыларынын бири болгон. Көп жылдар бою баласы жок болуп, орто жашка келгенде балалуу болот. Алмамбет бала чагынан илим-билимге умтулуп, сыйкырчылык жана көз байлоочулукту үйрөнүп, «Ажыдаардын окуусу» мектебинен билим алат, аны менен кошо ак сөөк бүлөлөрдүн балдары окуйт, бирок, Алмамбет алардын ичинен эң мыктысы болуп чыгып, кийинчерээк кайраттуу жоокер болуп чыгат. Акылдуулук, чынчылдык, кайраттуулук аны атактуу кылат. Бала чагында Алмамбет атасынын жолун жолдоочу болуп, кытай армиясынын бардык аскерлерин башкарат. Бир күнү, аң улоо учурунда Көкчө ханга кезигип, ал Алмамбетти жаркын жашоого, көз байлоочулукту таштоого чакырат. Алмамбет үйүнө кайтып келип, биртугандарын жаңы динге (ишенимге) өтүүнү айтат. Алмамбетти ата-энеси да, тугандары да, уккусу келбейт. Соорондук (Алмамбеттин атасы) «ата-бабалар дининен» баш тарткан баласын камоого буйрук берет. Кытайлардан качып, Алмамбет Көкчөдөн баш калкалоо табат. Алмамбеттин марттыгы, акылдуулугу жана адилеттүүлүгү анын кадыр-баркынын бекемделишине өбөлгө болот. Бирок Көкчөнүн жигиттери башкаруучусунун жаңы акылдаш жакынына ишенбөөчүлүк, кызганчаактык менен карашат. Алар Алмамбет менен Көкчөнүн жубайы Акеркеч ортосунда жакын мамилеси бар деген ушак таратышат. Ушакка чыдабай Алмамбет Көкчөнү калтырып кете берет.

Ошондо ал, өзүнүн кырк чоросу менен аң улоого чыккан Манаска кезигет. Манас болсо, Алмамбет жөнүндө мурда эле угуп-билип жүргөнүнө байланыштуу аны сый-урмат менен кабыл алып, урматына той өткөрөт. Манас менен Алмамбет ага-инидей болуп калат.

Тынчтык орнотуу үчүн Манас Акылай жана Карабөрүккө үйлөнөт, бирок, ошентсе да, баатыр атасы Жакыпка өмүрлүк жар табууну суранат. Узак издөөлөрдөн кийин Жакып Бухарадагы Атемир ханга келет, анткени хандын кызы Санирабигага көзү түшөт. Жакып кызына куда түшүп, чоң калың төлөп, Санирабиганы Манас бардык салттары менен аялдыкка алат. Кыргыздар Манастын жубайына Каныкей ысымын берип, ысым «ханга турмушка чыккан» дегенди билдирген. Манастын кырк чоросу Каныкей менен кошо келген кыздарга үйлөнүшөт. Алмамбет болсо жапайы тоо жаныбарларынын коргоочусунун кызы Аруукени аялдыкка алат.

Манас жөнүндө алыскы түндүктө куугунтукталып жүргөн туугандары угушуп, кайтууну чечишет. Алар калмактардан аял алып, ата-бабалардын салттарын унутуп бараткан, көп жылдар бою бөтөн элде жашап келген, Жакыптын агасы — Үсөндүн балдары эле. Калмактардын арасында аларды Көзкамандар аташкан.

Бул учурда Манас Кошой баатырга жардамга барууга аргасыз болуп турган чагы. Афгандык Түлкү хан Кошойдун жоктугун пайдаланып, катаган уруусуна кол салып, баатырдын баласын өлтүрөт. Бирок Түлкү хандын иниси Акун, кан төгүүгө жол бербей, кыргыз менен афгандардын ортосунда чыккан жаңжалды жөнгө салат. Түлкү күнөөсүн мойнуна алып, Кошойдун баласын өлтүргөндүгү үчүн тактысын Акунга бошотуп берет. Манас менен Акун достукка келип, балдары кыз-бала болуп калса, кудалашабыз деп келишим түзүшөт. Мындан тышкары, кыргыз ханы Көкөтөй хандын баласы (айдалып Ташкентке отурукташканда) — Бокмурун Түлкүнүн кызы Канышайды аялдыкка алууну чечет. Манастын кеңеши менен Бакай Түлкүгө куда түшүп барып, бардык ырым-жырымдарды аткарат.

Манас жок кезинде Көзкамандар келет. Каныкей күйөөсүнүн туугандарын кубануу менен тосуп алып, тиричилик кылууга зарыл болгон нерселерин берет. Жүрүштөн келген Манас өзүнүн туугандарынын урматына той өткөрөт. Жер бөлүп, мал-жандан бөлүшүп, түрдүү буюмдар менен камсыз кылат. Ушундай жылуу кабыл алууга карабастан Көзкамандар Манаска каршы чыгышат. Алар баатырды уулантып, ордун басып, Манастын бардык мүлкүнө ээ болууну чечишет. Көзкамандар ыңгайлуу учурду таап, Манасты жана анын жан жөөкөрлөрүн конокко чакырат. Кезектеги жортуулдан кайтып келе жаткан Манас чакырууну кабыл алат. Манастын жана анын жан жөөкөрлөрүнүн тамагына уу кошуп коюшат. Манас аман калып, жан жөөкөрлөрүн айыктырып, такка кайтат. Көзкамандар күнөөлүүлөрдү издеп, бири-бири менен бычакташып өлүшөт.

Кыргыздын даңктуу ханы Көкөтөй, улуу жашка келип, дүйнө салат. Өзүнүн баласы Бокмурунга өлүм зынайтын кандай өткөрүүнү, ошондой эле Манас менен кеңешүүнү керээз кылып айтып кетет. Көкөтөйдү жерге берип, Бокмурун аш берүүгө үч жыл дайынданат. Манас болсо Көкөтөйдүн ашын өткөрүүнү колго алат. Ашка ар кайсы жерлерден сандаган адамдар келет. Бокмурун түрдүү мелдештерден жеңүүчү болгондорго кымбат баалуу белектерди коёт. Өзүнчө уруулардын бир катар ак сакалдар жана хандары ашты Манас тарабынан көзөмөлдөнүп, өткөрүлүп жатканына нааразычылыгын билдиришет. Алар кеңеш куруп, талаптарын ачык айтууну чечишет. Бирок кутумчуларды Кошой карыя тыят. Ал көптөгөн коноктордун алдында уруш чыгарбоого, кыргыздардын арасында муруңку душмандар да бар экенинин, аш бүткөндөн кийин Манасты тынчытууга убада берип, кутумчуларды көндүрөт.

Бир жыл өткөндөн кийин кутумчулар Кошойду Манаска болгон элчиликти башкарып, ээң баш башкаруучуну тактан түшүрүүгө жардам берүүсүн талап кылат. Кошой болсо жаш-курагына таянып, кутумчулардын ою менен болбой, баш тартат. Ошондо алар Манаска чабармандарды жиберип, кыргыздын ак сөөк уруулары конокко келээри жөнүндө кабар берет. Алардын ою боюнча, Манаска топ эл болуп келип, конок тосуу ырымында кандайдыр бир катачылык кетирүүгө мажбурлап, уруш чыгарып, андан соң хандыгынан баш тартууга талап коюуу эле. Манас конокторду кабыл алууга макулдугун билдирет. Келген конокторду кырк чоролор тосуп алып, боз үйлөргө жайгаштырат. Кыргыз хандары чоролордун ынтымагын, Манастын бийлигинин бекемдигин көрүп, ыңгайсыз абалда калгандарын түшүнөт. Эмне максат менен келгендиги тууралуу Манастын суроосуна, бирөө дагы так жооп айта албайт. Ошондо Манас кыргыздарга каршы жортуул дайындалып жаткандыгы жөнүндө билдирет. Кытай ханы Коңурбай мурдагы жеңилип калганы үчүн, миңдеген жоокерлерди чогултуп, кыргыздарды кайрадан баш ийдирүүнү көздөйт. Манас, кыргыз хандарын, душмандын ойлорун озуп чыгып, жортуулга биринчи чыгууга, бириккен күч менен душманды талкалап жана кыргыздарды басып алуу аракеттерин жокко чыгарууга чакырат. Хандар Манастын сунушун кабыл алууга аргасыз болушат. Улуу жортуул мезгилинде бүткүл кыргыздардын ханы болуп Бакай шайланат, ал эми Алмамбет болсо кыргыз жоокерлеринин башкы кол башчысы болот. Ал жоокерлерди кытайлардын борбору Бээжинге алып барат.

Узак жана татаал жол жүрүп, кыргыз аскерлери кытай мамлекетинин чек арасына жетет. Аскерлерди тыныккан жерге калтырып, Алмамбет, Сыргак, Чубак жана Манас чалгындоого жөнөшөт. Душмандын жеринин тереңине кирип, сандаган үйүр жылкыларды айдап чыгышат. Кытайдын жоокерлери артынан кубалап түшөт. Кармаш башталып, кыргыздар миңдеген душмандардын аскерлерин талкалап, чачыратышат. Эпоско ылайык Манас өзүнүн жоокерлери менен (түмөндөр — 10 миңдик аскерлер) Пекинди басып алып («Бээжин» — жинди бээ деген мааниде), алты ай башкарат. Кытайлар алым төлөшүп, тынчтык орнотууну жарыялашат. Манас айкөлдүк менен Коңурбайга жана кытайларга ырайымдык кылат. Бирок Коңурбай жеңилгенин тааныбай мыкты кыргыз баатырларын бирден өлтүрөт. Алмамбет, Чубак жана Сыргак өлөт. Манастын аскер тууруна тымызын кирип, намаз окуп жатканда, Коңурбай баатырга артынан найза саят. Манас мекенке кайтып, алган жараатынан айыга албай каза болот. Каныкей баатырды күмбөзгө коёт. Биринчи бөлүмдүн трагедиялуу аягы реалдуу ырастыкка жетет. Манастын уулу — Семетейдин төрөлүшү келечекте атасынын өлүмүнө өч алуусун алдын ала аныктайт. Ошентип, биринчи бөлүгү менен идеялык жана сюжеттик байланышы бар эпостун экинчи бөлүгү жаралат, анда Манастын уулу Семетейдин өмүрү жана эрдиктери чагылдырылып, бөтөн жерден келген басып алуучулардын үстүндөгү жеңиши айтылат.

Манастын өлгөнүнөн кырк күн өтпөй Каныкейди Манастын тугандарынын бирине тийүүгө Жакып талап кыла баштайт. Манастын ордуна Көбөш келип, Каныкейге кысым көрсөтүп, Семетейди жок кылууга аракеттенет. Каныкей баласы менен тугандарына качууга аргасыз болот. Семетей өзүнүн теги жөнүндө билбей өсүп-чоңоё берет. Он алты жашка чыкканда Манастын баласы экенин билип, өз элине кайтууну каалайт. Атасынын тагы болгон Таласка кайтат. Манастын душмандары, анын ичинде Абыке менен Көбөш дагы Семетейдин колунан өлүм табат. Баатыр, Манастын убадасы менен төрөлө элегинде эле кудалашкан Айчүрөккө үйлөнөт. Андан соң Семетей кытай аймактарына чабуулдарды жасап, Коңурбай менен жекеме-жеке кармашында аны өлтүрөт. Канчоро Кыяс менен сүйлөшүп алып, Семетейди сатып кетет. Кыястын колунан жараат алган Семетей күтүлбөгөн жерден жок болуп кетет. Семетейдин берилген жан жөөкөрү Күлчоро туткунга түшүп, Айчүрөк да душмандарга кармалат. Канчоро хан болот. Айчүрөк Семетейден бала күтүп, бирок ал жөнүндө эч ким билбейт.

«Семетей» эпосу — үчилтиктин көп аткарылуучу цикли. Эпостун каармандары адилетсиздиктин курмандыктары болуп, өлүмүнүн себеби тышкы эмес ички душмандар болот.

Ички душмандар менен күрөшүүнүн эпикалык баяндалышы Манастын үчүнчү бөлүгү — «Сейтек» эпосунда берилет. Мында Манастын небереси Сейтек баатыр жөнүндө кеп болуп, муруңку бөлүктөрдүн логикалык уландысы саналат. Бул бөлүктө муруңкуларындай эле идеялык негиз түшүрүлгөн: эл биримдигин сактоо, тышкы жана ички душмандардан арылуу, тынчтык жашоого жетүү. «Сейтек» эпосунун сюжеттик негизин төмөнкү окуялар түзөт: Сейтектин атасынын душмандарынын арасында тарбияланышы, өзүнүн тегин билбеши, Сейтектин эр болушу, өзүнүн ким экендигин билиши, душмандарды кубалашы, Сейтектин өз элине кайтышы, элдин биригиши жана тынчтык жашоонун келиши. Семетей менен Сейтектин образдарында элдин Манас жөнүндө уламыштарды урпактарынын баатырдык жашоосунда сактап калууга болгон умтулуусу чагылдырылган.

Манас таануу

Манас таануу — Манас баатырды, эпостун өзүн изилдөө менен иш алып барган кыргызтаануунун курамындагы өзүнчө изилдөөнүн багыты. Бул илимий багыттын өкүлдөрү манастаануучулар аталат. Эпостун илимий изилдөөсү XIX кылымдын экинчи жарымында Ч. Валиханов жана В. Радлов тарабынан башталган. Валиханов 1856-жылы эпизоддордун бирин жазып алып (Көкөтөйтүн өлүмү боюнча), жарым-жартылай аны орус тилине которгон.

2014-жылы 20 жылга созулган «Манас» эпосу боюнча Сагымбай Орозбаковдун вариантындагы 9 томдук монументалдык иш бүткөн. Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер академиясында жарыяланган басылма өзүнө кыргыз баатырынын жашоосунун 183 миң сабын камтыган. Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, изилдөөчү, манас таануучу Самар Мусаев китептин текстинин үстүндө иштеген; баяндамалары үстүндө белгилүү Манас таануучулар Кенеш Кырбашев, Эсенаалы Абдылдаев жана Райкул Сарыпбековдор иштеген.

Негизги борбор — Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер академиясынын Манас таануу жана көркөм маданият улуттук борбору.

Эпостун 1000 жылдыгы

1994-жылы БУУнун генералдык ассемблеясы «Манас» эпосунун 1000 жылдыгын дүйнөлүк белгилөөсүн кабыл алган. Майрамдоо 1995-жылы болгон. Миң жылдыктын негизги майрамы Талас облусунда өткөрүлгөн. Юбилейдин окуясы боюнча «Манас-1000» эстеликтүү алтын орден жана медаль жасалган.

Таасири

Филателияда

Кыргызстандын почта маркасы, СССРдин почта маркасы.

Эстеликтер

  • Бишкектеги эстеликтер: филармония имаратынын алдында жана борбордук «Ала-Тоо» аянтында.
  • Кыргызстандан тышкаркы биринчи Манаска арналган эстелик 2012-жылдын 24-февралында Москва шаарында ачылган, ал Дружба паркынын аймагында. Скульпторлор: Ж. Кадралиев, Д. Жолчуев, Б. Сыдыков, Т. Медеров.
  • Ош шаарындагы «Айкөл Манас» монументалдык комплекси. 2013-жылдын май айында ачылан.
  • Өзгөндөгү эстелик. 2011-жылдын декабрь айында ачылган.
  • Баткендеги «Манас Ордо» эстелиги. 1987-жылы ачылган.
  • Стамбулдагы эстелик (Турция). 2017-жылдын 9-августунда ачылган.
  • Кытайдагы Кызыл-Суу кыргыз автономиялык облусунун Улуу Чат шаарчасы (2018).

Манастын наамына аталгандар

  • «Манас» университети — Бишкек шаарындагы кыргыз-түрк университетинин аталышы.
  • Манас — Бишкектин четиндеги аэропорт жана айылдын аталышы.
  • Бишкек шаарындагы Манас кинотеатры.
  • Кара-Балта шаарындагы стадиондун аталышы.
  • Манас атындагы астероидди (3349) советтик астроном Николай Степанович Черных 1979-жылы ачкан.
  • «Манас» ордени — Кыргызстандагы жогорку сыйлык.
  • Композитор Абдылас Малдыбаев тарабынан жазылган операнын аталышы.
  • Кытайдагы Манас көлү.
  • Тоолу Алтайдагы Манас көлү.
  • Казакстандын Алма-Ата шаарындагы көчөнүн аталышы.
  • Манас, Семетей, Сейтек — мектеп түзүмдөрү, советтик комсомолдордун, пионерлердин жана октябряттардын аналогу.
  • Бишкек, Жалал-Абад шаарларында, Кызыл-Адыр, Түп айылдарында көчөнүн аталышы.

Адабияттар

  • Манас, Раритет, Бишкек, 2004. ISBN 9967-424-17-6 (орусча).
  • Кыргыз адабияты, А. Ж. Муратов, Б. А. Абдухамидова, К. К. Акматов, Бишкек, 2018, ISBN 978–9967–31–809–0
  • Мусаев С. Эпос «Манас». Научно-популярный очерк. Фрунзе, 1979-жыл (орусча).
  • The Memorial Feast for Kökötöy-Khan, A. T. Hatto, Oxford University Press. 1977-жыл (англисче).
  • Манас: энциклопедия. 2 томдук. Бишкек, 1995.
  • Керимжанова Б. «Семетей» жана «Сейтек». Фрунзе, 1961-жыл.

Шилтемелер

  • Lake Manasarovar: a Mystical Sacred Lake in Tibet (англисче)
  • В южной столице Кыргызстана состоялось открытие монумента «Айкол Манас» (орусча)
  • В Москве открыли памятник Манасу (орусча)
  • Манас эпосу жөнүндө кызыктуу 15 факты
  • Манас эпосун сактоо, изилдөө жана кеңири жайылтуу боюнча Кыргыз Республикасынын 2012-2017-жылдардагы мезгилге карата улуттук программасы
  • Манас эпосу боюнча суроо жооптор

Нажмите, чтобы узнать подробности

«Манас» эпосу

“Манас” эпосу кыргыздардын улуттук сыймыгы, ата-бабабыз үч миң жылдан ашык убакыттан бери басып өткөн тарыхий жолундагы руханий табылгаларынын, турмуштук тажрыйбасынын, башынан кечирген окуялар жөнүндөгү маалыматтардын орчундууларын бүт чогулткан баалуу казынанын милдетин аткарып келе жаткан улуу мурасы.

Жанрдык белгилери боюнча “Манас” баатырдык эпос. Бирок анын мазмуну камтыган чек берген маалыматтарынын көлөмү баатырдык эпостун салттык алкагынын өлчөмүнөн алда канча кеңири жана терең. Анткени кылымдар бою кыргыздардын элдик топ катарындагы уюткусу ыдырабай, биримдигин жоготпоо үчүн жүргүзүп келген тынымсыз кармаштарын – туруктуулук, көктүк менен, көшөрүп жүргүзгөн күрөшүн баяндоого арналган бул чыгармадагы башкы тема – элдин эркиндиги, көз карандысыздыгы үчүн күрөш, сырттан басып кирген душмандарга каршы салгылаштарда көрсөтүлгөн эрдиктерди даңазалоо, калктын уюткусун түзгөн ата уулдар өкүлдөрүн ынтымакка, биримдикке чакыруу. Ошону менен бирге эл үлгүлүү жүрүш-туруш, мыкты сапаттардын элестүү мисалдарына таянуу менен калктын бардык муундарына, айрыкча жаштарга таалим-тарбия берүү.

“Манас” эпосу — эл турмушунан алган орду, мааниси боюнча жалпы элдик эстелик-мурас. Бирок, ал бара-бара толукталып, жалпы элдик мааниге ээ, бүткүл калктын тагдырында зор роль ойногон маалымат-кабарлар менен мазмуну байып, улуттук маңыздагы өлбөс улуу мураска айланышы ыктымал.

“Манасты” жыйноо – тиешелүү мекемелерде сактоо, иликтөө, жарыялоо максаты менен эпосту эл оозунан жазып алуу. Кыргыз жергесине келген окумуштуулардын көпчүлүгү кыргыз элинин үрп-адаты менен оозеки чыгармачылыгына, өзгөчө “Манас” эпосуна аябагандай кызыгышкан. “Манас” эпосу жөнүндө биринчи жолу “Мажму ат-таварихте” эскерилет.

Казак окумуштуусу Ч.Валиханов кыргыз жерине үч жолу келген (1856, 1857, 1858). Ал саякаттарында кыргыз элинин оозеки адабиятын, тарыхын, этнографиясын изилдеген. “Манас” эпосунан “Көкөтөйдүн ашы” эпизодун жазып алган.

В.В.Радлов кыргыздарга үч жолу келип кеткен (1862, 1864, 1869). “Манас” эпопеясынын үч бөлүмүн тең жазып алган. “Манас” эпосунун В.В.Радлов жазып алган текстинин жалпы көлөмү 12454 сап ыр, анын 9449 сабы “Манас” эпосуна, калган 3005 сабы “Семетей” менен “Сейтек” эпосуна таандык.

Ы.Абдырахманов тарабынан манасчы Сагымбай Орозбак уулунан 1922-жылдан 1926-жылга чейин 4 жыл аралыгында эпостун “Манас” бөлүмү кагаз бетине түшүрүлгөн (180 378 сап ыр).

Саякбай Карала уулунун айтуусунда эпосту толук жазып алуу ишин К.Жумабаев, Ы.Абдырахманов, Ж.Рисов жана К.Кыдырбаева 1930-жылдан 1947-жылга чейин жазып алышкан. Бул мезгилде манасчыдан 500553 сап ыр көлөмүндөгү материал кагаз бетине түшүрүлгөн (“Манас” – 84 513 сап, “Семетей” – 316 157 сап, “Сейтек” – 84 697 сап, “Кенен”, “Алымсарык”, “Кулансарык” – 15 186 сап ыр).

“Манас” эпосун басмадан чыгаруу. “Манас” эпосу жөнүндө жазуу жүзүндөгү эң алгачкы маалымат “Мажму ат-таварихте” жолугат. 1856-жылы Ч.Валиханов тарабынан жазылып алынган “Көкөтөйдүн ашы” 1904-жылы “Жунгария очерктери” деген эмгегинде биринчи жолу орус тилинде басылып чыккан. В.В.Радлов жазып алган үзүндүлөрдүн кыргызчасы Санкт-Петербургда, немисчеси Лейпцигде 1885-жылы жарык көргөн. 1925-жылы Москвадан араб ариби менен Тыныбек жомокчунун айтуусунда “Семетей” эпосунан үзүндү жарык көргөн. Бул – “Манас” эпосунун совет доорунда жарык көргөн эң алгачкы тексти.

“Манасты” изилдөөнүн тарыхы. Эпосту изилдөө XIX кылымдын экинчи жарымынан башталып, манастаануу илими калыптанып, өзүнө мүнөздүү өзгөчөлүктөргө ээ болду.

“Манас” эпосуна биринчи илимий пикир айткан адам Ч.Валиханов болгон. Окумуштуу “Манас” эпосунун салттык туруктуу окуяларынын бири “Көкөтөйдүн ашын” жазып алып, анын зор көркөм эстелик экендигин белгилеген. Чыгарманын биринчи бөлүгү менен таанышкан, “Семетейди” буруттардын “Одиссеясы” деп атап, “Манас” эпосу ногой дооруна таандык деп, эпостун жаралыш мезгили жөнүндө да алгач пикир айткан.

“Манас” эпосу менен кеңири таанышып, чыгарманын бардык окуяларын кагазга түшүрүүгө аракет жасап, кеңири илимий мүнөздө талдоо жүргүзүүгө ниеттенген белгилүү окумуштуу В.В.Радлов болгон. В.В.Радлов жазып алган материалдын илимий баалуулугу бөтөнчө зор. Баш сөзүндө бир катар илимий пикирлерин билдирген. Кыргыздарда сөз өнөрү, анын ичинде баатырдык эпос өзгөчө өнүккөндүгүн, эпостун бир катар олуттуу өзгөчөлүктөрүн туура байкап, адилеттүү баа берген. “Манас” эпосунун өзгөчө касиеттерин кыргыз элинин тарыхый жашоо-турмушу менен тыгыз байланышта карап, манасчылардын чыгармачылык өзгөчөлүктөрү, угуучу чөйрөнүн ролу өңдүү эпостун маанилүү маселелери боюнча айткан ой-пикирлери өзүнүн актуалдуулугун жоготпой келет.

“Манас” эпосун илимий изилдөөдө бөтөнчө орун В.М.Жирмунскийге таандык. Ал өзүнүн “Манас” эпосун изилдөөгө киришүү” аттуу эмгегинде тарыхый-салыштырып изилдөө ыкмасын колдонуп, “Манас” эпосунун көптөгөн проблемаларын жогорку илимий деңгээлде иликтеп чыккан. Бөтөнчө “Манас” эпосунда кеңири учурап, дүйнөлүк эросто салтка айланган жомоктук-фантастикалык мотивдерди салыштырып иликтейт да, эпостун сюжеттик курамына, образдар тутумуна, көркөм каражаттарына илимий талдоо жүргүзөт.

“Манас” эпосун изилдөөгө арналган ар түрдүү мүнөздөгү, мазмундагы миңден ашуун эмгек бар. Анын ичинде Б.М.Юнусалиев, Р.З.Кыдырбаева, С.Мусаев, Э.Абдылдаев, Р.Сарыпбековдордун эмгектерин бөтөнчө бөлүп көрсөтүүгө болот.

“Манасты” которуу – “Манас” эпосун таанытуу жана пропагандалоо үчүн башка элдердин тилине которуу. Кыргыз элинин эпосторунун ичинен эң биринчи жазылып алынганы да, башка элдердин тилине эң алгач которулганы да “Манас” эпосу. Эпосту башка тилдерге которуу маселелерине байланыштуу илимий пикирлерди айтууну белгилүү окумуштуу, котормочу Е.Д.Поливанов баштап, омоктуу бир топ ойлорун айткан.

“Манас” эпосунун башка тилдерде алгач баяндалышы “Мажму ат-таварихке” байланыштуу. Ушул чыгармада эпостун айрым окуялары тажик тилинде берилген. Эпостун В.В.Радлов жазып алган тексти өзүнүн котормосунда немисче 1885-жылы Лейпцигде жарык көргөн. Ч.Валиханов “Көкөтөйдүн ашын” кара сөз түрүндө которуп, “Жунгария очерктеринде” жарыялаган.

“Манасты” орус тилине которуу иштерине 1930–жылдары көңүл бурула баштаган. “СССР элдеринин эпосу” сериясынан Сагымбай Орозбак уулунун варианты боюнча “Манас” эпосунун төрт томдугунун кыргыз-орус тилдеринде чыгышы “Манасты” которуудагы зор маанилүү окуя болгон.

«Манас” эпосунун үзүндүлөрү казак, орус, өзбек, англис, немец ж.б. дүйнөнүн көптөгөн тилдеринде жарык көргөн.

madinaazimuratova6

+20

Решено

4 месяца назад

Кыргыз тили

5 — 9 классы

«эгерде мен манас доорунда жашасам» эссе
помогите пожалуйста, написать эссе на кыргызском ​

Смотреть ответ

Ответ

0
(0 оценок)

0

amina20090707

amina20090707
4 месяца назад

Светило науки — 13 ответов — 0 раз оказано помощи

Ответ:

эгерде мен Манас доорунда жашасам мен манастын таанышы болгум келет болчум.манпска жардам бермекмин

(0 оценок)

Остались вопросы?

Задай вопрос

Найди нужный

Новые вопросы по предмету Математика

написать предложений на кыргызском язяке на тему компьятердин дпайдасы и ещё 5 на тему компьютердин зыяндуу ДАЮ 100 БАЛЛОВ СРОЧНО ПЖ ПОМОГИТЕ М …

помогите состовить рассписание недели на кыргызском . если что я учусь во воторую смену.

1.сделать отрицательную форму глаголов: машыгам, кызыгасың, окуйсуз,бардык, барасыңар,кетет. 2. Написать 5 предложений накыргызском : 1. Компь …

Бышыктоочтун ар бир түрүнө экиден сүйлөм түзүп жазгыла​

3. Суроолуу сүйлөмдөрдү түзгүлө. Биз шаарда жашайбыз. Алар эртең талаада иштешет. Досум Анвар короодо отун араалады. Балдар короодогу асфальт- …

Манас эпосу кыргыз элинин улуттук байлыгы, оозеки элдик чыгармачылыктын баалуулугу, дүйнөлүк элдик поэзиянын шедеври. Эпос дүйнөдөгү элдердин эпикалык чыгармаларынын формасы жана мазмуну боюнча эң көлөмдүүсү катары XIX кылымда кеңири коомдук белгилүү болгон. «Манас» эпосу — кыргыз элинин кылымдарды карыткан тарыхынын казынасы. Бул чыгарма элибиздин руханий табылгаларынын алгылыктууларын, басып өткөн тарыхый жолунун орчундуу окуяларын чогултуп, укумдан-тукумга өтүп келген улуу мурасы, улуттук сыймыгы. Манас» эпосу дүйнөдө зор көлөмдүү көркөм чыгарма. Манасчы Саякбай Карала уулунан жазылып алынган эпостун «Манас», «Семетей» жана «Сейтек» үч бөлүмүнүн жалпы көлөмү 500 миң сап ырды түзөт. Бул байыркы гректердин «Иллиадасы» менен «Одиссеясын» бирге кошкон көлөмүнөн 20 эседей көп. «Манастын» ошол бир эле варианты илимде узак убакыт эн көлөмдүү эпос делип келген инди элдеринин «Махабхаратасынан» эки жарым эсе чоң. Жанрдык белгилери боюнча баатырдык эпос катары эсептелген бул чыгарманын мазмуну, берген маалыматтарынын көлөмү боюнча баатырдык эпостордун демейки алкагынан чыгьш, андан алда канча тереңдиги, масштабдуулугу менен айырмаланат. Дүйнөгө белгилүү Ч. Валиханов, В. Радлов өңдүү окумуштуулар XIX к. эле «Манас» эпосу аны көкүрөгүнө сактап келген кыргыз элинин тарыхын, философиясын, этнографиясын, тилин, көркөм өнөрүн, психологиясын, географиясын, медицинасын жалпы эле рухий жана социалдык турмушунун ар кыл жактарын изилдеп үйрөнүүдөгү өзгөчө бай жана баалуу булак экендигин баса белгилешкен. Кыргыз элинин турмушунун көркөм энциклопедиясы болгон «Манас» эпосунда кыргыз элинин эн байыркы доордон берки басып өткөң тарыхый жолунун урунттуу учурлары боюнча маалыматтар берилет.
Эпосго элдин абалын, жашоо шартын, үрп-адатын, дүйнөгө карата болгон философиясын чагылдырган көлөмдүү эпизоддор өтө арбын кездешет. Чыгармадан кыргыздардын турмушун белгилүү бир жагын чагылдырууга арналып, аны терең деталдаштырып берген маалыматтарды кездешүүгө болот. Мисалы, баласыз улгайган адамдын зарланганынан, балалуу болуу, ага тарбия берүүгө байланыштуу материалдар негизинен «Манастын туулушу жана балалык чагы» бөлүмүндө берилет. Кыргыз элинин эл башкаруу, уюмдашуу, элди бириктирүү жөңүндөгү аракеттери «Манастын кан шайланышында» чечмеленет. Элибиздин куда түшүү, баласын үйлөөгө байланыштуу каада-салттары «Манастын Каныкейди алганында» чагылдырылса, адам өлүмү, сөөк коюу үрп-адаттары «Кекөтөйдүн ашы», «Манастын өлүмү» бөлүмүндө баяндалган. Эпостон кыргыз элинин турмушунун бардык тармактарын камтыган ак менен кара, өмүр-өлүм, жакшылык-жамандык, пайда-зыян жөнүндөгү философиялык ой-толгоолорун билүүгө болот. Элибиздин диний ишенимдери, жүрүш-туруш нормалары, эл аралык мамилелери, жаратылыш, коом, география, медицина ж. б. жөнүндөгү билимдери да эпосто кеңири чагылдырылган. «Манас» эпосу зор көлөмдүү, узак убакыт ооз жүзүндө гана жашап келгендиктен анын өзгөрүүсүз сакталган (канондук) тексти жок. Эпостун мазмуну, ыр саптары устаттан шакиртке, бир муундан экинчисине өткөңдө, ал түгүл бир эле манасчы эпосту улам кайталап аткарганда өзгөрүүлөргө учураган. Ушундан келип эпостун түрдүү варианттары жаралган. Азыркы кезде «Манас» эпосунун негизги бөлүмдөрүнүн кагаз бетине түшүрүлгөң 70тен ашуун варианты белгилүү. Эпостун улам жаны үлгүлөрүн жыйноо иши дагы эле улантылууда. «Манастын» варианттарынын дээрлик бардыгында эпостогу негизги мазмунун, окуялардын нугун түзгөн салттык туруктуу эпизоддор сакталган. Бирок эпостун варианттарынын көлөмү, мазмундук, формалык касиеттери, көркөмдүк денгээли бир кылка эмес. Бири-биринен орчундуу айырмачылыктарга ээ варианттар да, көп белгилери боюнча жакын турган, бир эле окуяны айрым өзгөчөлүктөр менен айткан варианттар да бар.
«Манас» таануу илиминде эпостун окуялары толук камтылган үлгүлөрү такталган. Аларга эпостун биринчи бөлүмүнүн Сагымбай Орозбак уулу, Саякбай Карала уулу, Шапак Рысменде уулу, Тоголок Молдо (Байымбет Абдыракман уулу), Багыш Сазан уулу, Мойдобасан Мусулманкул уулу, Ыбрайым Абдыракман уулу, Мамбет Чокмор уулу тарабынан түзүлгөң варианттарын, ал эми «Семетей, «Сейтектин» Саякбай Карала уулу, Жаңыбай Кожек уулу, Молдобасан Мусулманкул уулу, Багыш Сазан уулу, Жакшылык Сары уулу, Мамбет Чокмор уулу, Акмат Рысменде уулу, Актан Тыныбек уулу ж. б. жараткан варианттарын кошууга болот. «Манас» эпосунун негизги варианттарынын ичинен чоң манасчылар Сагымбай менен Саякбайдан жазылып алынган тексттер башка варианттардан материалдарынын толуктугу жана өзгөчө кенири планда айтылышы, көркөмдүк деңгээлинин жогорулугу менен айырмаланып турат.
“Манас” эпосунун башка тилдерде алгач баяндалышы “Мажму ат-таварихке” байланыштуу. Ушул чыгармада эпостун айрым окуялары тажик тилинде берилген. Эпостун В.В.Радлов жазып алган тексти өзүнүн котормосунда немисче 1885-жылы Лейпцигде жарык көргөн. Ч.Валиханов “Көкөтөйдүн ашын” кара сөз түрүндө которуп, “Жунгария очерктеринде” жарыялаган.
“Манасты” орус тилине которуу иштерине 1930–жылдары көңүл бурула баштаган. “СССР элдеринин эпосу” сериясынан Сагымбай Орозбак уулунун варианты боюнча “Манас” эпосунун төрт томдугунун кыргыз-орус тилдеринде чыгышы “Манасты” которуудагы зор маанилүү окуя болгон.
«Манас” эпосунун үзүндүлөрү казак, орус, өзбек, англис, немец ж.б. дүйнөнүн көптөгөн тилдеринде жарык көргөн.


https://sputnik.kg/20151112/1020039647.html

«Манас» эпосу жөнүндө кызыктуу 15 факты

«Манас» эпосу жөнүндө кызыктуу 15 факты

Кыргыз элинин баатырдык эпосунун ана башында турган «Манас» эпосу калпак кийип, кыргыз тилинде сүйлөгөндөрдүн сыймыгы. Ал — элдин туу туткан, руханий азык… 12.11.2015, Sputnik Кыргызстан

2015-11-12T13:46+0600

2015-11-12T13:46+0600

2021-12-14T14:27+0600

/html/head/meta[@name=’og:title’]/@content

/html/head/meta[@name=’og:description’]/@content

https://sputnik.kg/img/101338/65/1013386577_0:172:1939:1269_1920x0_80_0_0_a009b58bbc78eea79b68813e079966d9.jpg

Sputnik Кыргызстан

media@sputniknews.com

+74956456601

MIA „Rosiya Segodnya“

2015

Sputnik Кыргызстан

media@sputniknews.com

+74956456601

MIA „Rosiya Segodnya“

Жаңылыктар

kg_KG

Sputnik Кыргызстан

media@sputniknews.com

+74956456601

MIA „Rosiya Segodnya“

https://sputnik.kg/img/101338/65/1013386577_0:111:1939:1330_1920x0_80_0_0_30ed836935b48de64fcce8a3e0e91522.jpg

Sputnik Кыргызстан

media@sputniknews.com

+74956456601

MIA „Rosiya Segodnya“

жаңылыктар, маданият, кыргызстан, саякбай каралаев, сагымбай орозбаков, тоголок молдо, аскар медетов, талантаалы бакчиев, кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар

жаңылыктар, маданият, кыргызстан, саякбай каралаев, сагымбай орозбаков, тоголок молдо, аскар медетов, талантаалы бакчиев, кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар

13:46 12.11.2015 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021)

Жазылуу

НовостиTelegram

Кыргыз элинин баатырдык эпосунун ана башында турган «Манас» эпосу калпак кийип, кыргыз тилинде сүйлөгөндөрдүн сыймыгы. Ал — элдин туу туткан, руханий азык, идеологиялык багыт алган жол көрсөткүчтөрүнүн бири. Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов таамай аткандай, кыргыз рухунун туу чокусу.

Эпос туурасында окурмандарга, коомчулукка он беш фактыны айтып берүүнү чечтик. Бизге бул жаатта Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин Манас таануу кафедрасынын жетекчиси, филология илимдерин доктору, манас таануучу Аскар Медетов жана манасчы, филология илимдеринин кандидаты Талантаалы Бакчиев жардамчы болду. 

1. Арбак даарыган процесс. Бул манасчылыкты аркалагандардын кабылдоосунда өң-түш түрүндө болот. «Манас» эпосун айткандардын дээрлик бардыгы арбак дааруу процессинен өтүп, бир катары буга түшүндө, бир катарлары өңүндө кабылган. Ушундан кийин гана алар бул өнөргө баш-оту менен кирет. Бул манасчылык өнөрдү коштогон негизги көрүнүштөрдүн бири катары эсептелет. 

2. Ыргагы. Азыркы мезгилге чейин бир да эпос «Манас» сыяктуу ыргакта айтылбайт. Бул кыргыздын салттуу элдик поэзиясы түрүндө сакталып келет. «Манас» эпосунун бардык варианты 6-7 муундан турат.

3. Чет жерлерде Манас сөзүнүн кездешүүсү. Кытайда Манас шаары, Манас булагы, Японияда Семетей шаары, Испанияда Манас шаары, Казакстанда Манас жайлоосу, Кореяда Манас чокусу, Венгрияда Манас айылы бар. Ааламга аты кеткен Манас, аны жараткан кыргыз эли кандай гана бактылуу! Бул саптар «Аскада калган аңчынын ыйы» деп аталган улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун китебинде айтылат.

4. 40 саны – эпостогу ыйык сан. Кырк уруу кыргыз, кырк чоро, кырк күн, кырк кыз ж.б. түшүнүктөр менен коштолот. Андан сырткары 3, 5, 7, 9, 12 сакралдык сандар катары эсептелет. 

5. Эпостун 80ге чукул варианты бар. «Манас» эпосунун китеп болуп басылып чыккан варианттарынан сырткары, КРдин Улуттук Илимдер Академиясында жана манасчылардын өздөрүндө, бала-чакасынын колунда жалпысы болуп 80ге чукул вариант сакталып келет. Негизгилери Саякбай Каралаев, Сагымбай Орозбаков, Молдобасан Мусулманкулов, Багыш Сазанов, Шапак Рысмендеев, Ибраим Абдрахманов, кытайлык кыргыз манасчы Жусуп Мамайдын айткандары. Андан сырткары, түрк таануучу Василий Радлов жанажазгыч акын Тоголок Молдо эпостун вариантын жазып калган. 

6. «Манастын» мотивинде бир топ музыкалык, документалдык жана көркөм чыгармалар жаралган. Эпос боюнча режиссерлор Болот Шамшиев, Евгений Котлов жана Мелис Убукеевдер тарткан бир нече илимий-даркетүү тасмалар бар. Ал эми 30-жылдары эле кыргыздын алгачкы опералык чыгармасы катары «Айчүрөк» операсы, андан кийин «Манас» операсы сахнага чыгарылып, «Манас-Алмамбет» драмасы, «Манас, Семетей, Сейтек» үчилтиги, «Теңири Манас» романы жазылган. 

7. Манас сөзүнүн маанисин диний пайгамбарга байланыштырышат. Манас деген сөздүн мааниси боюнча көп талаш-тартыштар бар. Негизи Манас атынын келип чыгышын окумуштуулар Ауэзов менен Бернштамдын илимий гипотезалардын негизде чечмелеп, далилдеп беришкен», — дейт окумуштуу Медетов. VI – VIII кылымдарда Енисей доорунун мезгилинде, ал тургай, андан мурун дүйнөгө тараган Уйгур каганатанынын расмий тутунган Манихей дини болгон. Ал боюнча ыйык делген китептер жазылып калган. Бул дин Энесай, Сибирь аймактарына чейин жеип, ошол доорлордо жашоочу элдин Манисей аттуу пайгамбары болгон. Ауэзов менен Бернштам ошол пайгамбардын аты өзгөрүп отуруп, Манесса, анан Манас болуп калган деген пикирди айтышкан. Илимий божомолдо Манас ысымы ошол эл сыйынган сөздөн келип чыгып, баатырдын образына ыйгарылган. Андан сырткары, «Ман» «Ас» сөздөрү да бөлүнүп айтылып, «биринчи киши», «мыкты киши» деген маанини билдирет деген пикирлер бар. Ал эми философ, сүрөтчү Николай Рерих бул «жогорку акыл-эс» деген түшүнүктү берет деп жазган. 

8. Эпосто алты жүздөн ашуун каарман сүрөттөлөт

«Манас» эпопеясында 40 чородон тарта эсептегенде, бери дегенде эле 600дөн ашуун каарман катышат. Эң көп образ Сагымбай Орозбаковдун вариантында айтылат. Албетте, башкы каармандар Манас, Бакай, Чыйырды, Каныкей, Алмамбет, Жакып, Кошой, Айчүрөк, Күлчоро, терс каармандардан Коңурбай, Нескара, Канчоро, Жолой ушинтип кете берет. Ал эми жер-суу аттары 800гө чукул. 

Дүйнөлүк адабияттагы ири чыгармалардын бири — Лев Толстойдун «Согуш жана тынчтык» роман-эпопеясында 500дөн ашуун каарман катышат. «Манаста» каармандар бул чыгармадан да көптүк кылат. 

9. «Манас» жарым миллион саптан ашык 

Эң көлөмдүүсү беш жүз миңден ашык саптан турат. Саякбай Каралаевдин айтуусундагы вариант 500 553 сап, анда Манас, Семетей, Сейтек, Кенен, Алымсарык, Кулансарык деп беш муунга чейин кетет. Андан сырткары, манасчы Мамбет Чокморовдун айтуусундагы эпостун көлөмү 397 миң, ал эми Сагымбай Орозбаков айтып калтырган «Манас» бөлүгү 180 миң сапты түзөт. Жусуп Мамай эпосту башкы каармандын сегиз муунуна чейин жеткире айткан, анын вариантында чыгарма 500 миң саптан турат.

10.»Манас» эпосундай көлөмдүү чыгарма дүйнөдө жок! Көлөмү жагынан тең келе алган эпос азыркыга чейин кезиге элек. «Манас» көлөмү жагынан гректердин «Илиада» менен «Одиссеясынан» 20 эсе, парсы элдеринин «Шахнамесинен» 5 эсе, индиялыктардын «Махабхаратасынан» 2,5 эсе көптүк кылат. Дүйнөдөгү бардык эпосторду чогултуп келгенде да, бир эле Саякбай Каралаевдин айткан вариантынын көлөмүнө жетпейт.

11. «Манас» эпосуна бери дегенде 1020 жыл болду. 

Кичинекей манасчы Үмөт Дөөлөтов. Архив - Sputnik Кыргызстан

«Манас» эпосу качан пайда болгон? Бул жаатта көз караштар арбын. 1995-жылы бул улуу эпостун 1000 жылдыгын дүйнөлүк масштабда белгиленгендигин эске алсак, анда азыр ага 1020 жыл болду. Ал эми илимде анын пайда болушу жөнүндө чындыкка жакын негизги өзөк болгон гипотеза үчөө. Алар — 1. Мухтар Ауэзов менен Александр Бернштамдын вариантында IX к. Кыргыздардын Енисей доору, улуу кыргыз дөөлөтү мезгили, Барсбек каган учуру; 2. Болот Юнусалиевдин пикиринде IX-XI к. Караханиддер доору. Кара кытайлардын кыргыздардан жеңилүүсү, кыргыздардын Ала-Тоого көчүшү. 3. Виктор Жирмунскийдин пикири боюнча XV- XVIII к. Жунгар доору менен байланыштырып келет. 

12. «Манас» алгачкы ирет Санкт-Петербургда жана Лейпцигде басылган. 

Эң биринчи ирет 1885-жылы академик Василий Радлов кагазга түшүрүп кеткен варианты Санкт-Петербург шаарында кириллица ариби менен кыргыз тилинде басылып чыккан. Ушул эле жылы немис тилиндеги котормосунун бир бөлүгү Германиянын Лейпциг шаарында жарык көргөн. Демек, ошол жылдары эле түрколог Радлов эпосту Европага таанытыптыр. Совет доору башталгандан кийин, 1925-жылы алгач ирет Тыныбек манасчынын варианты боюнча жарык көргөн. Ошондон тарта эле бөлүк-бөлүгү менен улам басылып отурган. Акыркы жолу, 2015-жылы Сагымбай Орозбаковдун вариантындагы 180 миң сап тогуз томдук болуп жарык көрдү. Ал эми Жусуп Мамайдын айткан варианты Кытайда 18 том менен чыккан. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча жарык көргөндөрү да бар. 

13. Изилдөө иштери. Учурда «Манас» эпосун изилдеген Кыргыз Илимдер Академиясында Манас таануу бөлүмү бар, ал жерде бардык кол жазмалар сакталат. Ишеналы Арабаев атындагы университетте Манас таануу институту, Кыргыз улуттук университетинде Манас таануу кафедрасы иштейт. 

14. «Манас» көп тилге которулган. Окумуштуулардын айтымында, дүйнөдөгү ири делгендеринин ичинен араб жана испан тилинен башка, негизги тилдердин баарына которулган. Алар орус, кытай, англис, немис, француз, япон, фарс, монгол, чех, болгар, венгер, уйгур, казак, өзбек сыяктуу бир топ тилдер.

15. Дүйнөлүк мурастардын катарында турат. «Манас» эпосунун үчилтиги ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине Кыргызстандын атынан катталган. 

Понравилась статья? Поделить с друзьями:

Новое и интересное на сайте:

  • Манан асатте сочинение
  • Манифест на успешную сдачу экзамена
  • Манан асанне сочинение на чувашском
  • Манифест на удачу на экзамене
  • Манан анне сочинение на чувашском языке

  • Добавить комментарий

    ;-) :| :x :twisted: :smile: :shock: :sad: :roll: :razz: :oops: :o :mrgreen: :lol: :idea: :grin: :evil: :cry: :cool: :arrow: :???: :?: :!: